Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 4
2018-жылга карата каралган бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2018-жылга каралган бюджетинин 70111-бөлүгүнүн 22211100-статьясындагы 155миң 800сом теңештирилген гранттан пайдаланбай жана үнөм болгон статьясынан зарыл болгон 22154900-статьясына 155миң 800сом төмөндөгү максатта жумшалсын;
-Ат-Башы РЭСке трансформаторду кошууга кызмат көрсөтүүгө -3 миң сом
-Ат-Башы мамлекеттик мүлктү каттоо башкармалыгына карта чийүүгө -108 миң сом
-Ат-Башы архитектурасына К.Керималиев мектебинин көмүрканасын салууга смета чийдирүүгө -30 миң сом
-Кызыл-Туу, Кара-Булуң бала-бакчасына, К.Керималиев, А.Искендеров мектептерине, айыл өкмөттүн конторуна, Кызыл-Туу, Кара-Булуң клубдарына Ат-Башы РЭСнен тех.условия алууга 14 миң 859сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ф.Токушевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Айыпов |