Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 5
Айыл аймагында карышкырларды жок кылууга карата айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында карышкыр күч болуп жаткандыктан, карышкырды жок кылууда мергенчилер аркылуу айыл аймагында атылган 1(бир) баш карышкырга айыл өкмөттүн резервдик фондунан 3000 сомдон берилип турсун.
2. Атылган карышкырга убагында комиссия түзүп, актынын негизинде берилүүчү сыйлыкка сунуштап туруу жагы ветеринар адиси Б.Салбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ф.Токушевага жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Айыпов |