Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айыл Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2018-жылдын 31-марты № 46
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6 чакырылыш кезектеги 11 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүү үчүн АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында алынган МТЗ -892,2 тракторун сокосу менен Кызыл-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. МТЗ-892,2 трактордун сокосу менен Кызыл-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга өткөрүп берүү үчүн Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн атайын комиссиясынын курамын түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Кадырбеков |