КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айыл Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2018-жылдын 31-марты № 47
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Карчабек айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап 24.02.2018-жылдагы №3 жалпы элдик жыйындын токтомунун негизинде балдар бакчасын ачуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Карчабек айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап 24.02.2018-жылдагы № 3 жалпы элдик жыйнынын токтому тааныштырып, Карчабек айылынын айыл башчысынын жана Кызыл-Тоо айыл Кенешинин депутаты Н. Сатимкуловдун билдирүүсүн угуп айыл Кенешинин 6 чакырылыш кезектеги 11-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Карчабек айылында көптөгөн үй-бүлөөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулушунун протоклуна ылайык Карчабек айылында 60 орундуу 2 тайпага ылайык балдар бакчасы ачылсын.
2. Карчабек айылындагы Ч.Рысбаевдин жашап жаткан үйдүн ашыкча бөлмөлөрүн балдар бакчасына ынгайлаштырып ондоо, талаптагыдай жасалгаланып балдар бакчасына өткөрүлүп берилсин.
3. Суралсын Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнөн, райондук сан, эпистанция, өрт коопсуздугу, эко.техникалык инспекция башкармалыктарынан тийиштүү юридикалык документтик иштерин бүткөрүү жагы.
4. Суралсын райондук каржылоо бөлүмүнөн Карчабек балдар бакчасын мамлекеттик бюджеттен каржылоону чечип берүү жагы.
5. Ушул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Тоо айылдык кенешинин бюджет, финансы,экономика жана байланыш тармактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К. Кадырбеков |