Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айыл Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2018-жылдын 31-марты № 48
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт маселесин жөнгө салу жайыт комитетинин ишин жандандыруу максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6шайланган 11 сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2018-жыл 24-февралда өткөрүлгөн элдик жыйында айтылган сунуштар жактырылсын.
2. Айыл аймагындагы элдин колундагы малдарды багууга ар бир ай үчүн төлөнүүчү баалар төмөндөгүдөй чегерилсин;
-бир баш кой үчүн -100сом
-бир баш эчки үчүн-120сом
-бир баш бодо малга -400сом
-бир баш жылкыга-500сом
3. Жакынкы жайыттарга көчүү 20-апрелден алыскы жайыттарга көчүү 1-майдан кеч калбастан, эгинге түшкөн малга кетирилген чыгымды мал ээси төлөп берүү жагы каралсын жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Кадырбеков |