Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну № 6/1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 15-пунктунун негизинде , ошондой эле М.А. Ибраимовдун берген ишеним катынын негизинде иш алып барган Т.Н.Турдиевдин № 2724 2018- жылы 19-июнунда берген арызына ылайык жана арызга тиркелген иш кагаздарында көрсөтүлгөн жер тилкесинин пайдалануу багытын мечет курууга өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн экенин далилдеген № 246 2017-жылдын 10. Майындагы Жайыл районунун архитектура жана курулуш башкармалыгынын , № Э06/3 2017-жылдын 10-январындагы Чуй-Бишкек аралык айлана–чөйрөнү коргоо башкармалыгынын, Жайыл райондук ЦПЗ жана ГСН дин №269 2016-жылдын 28-декабрындагы , Жайыл райондук жана Кара-Балта шаарынын мамлекеттик өрткө каршы кызматынын № 256 30-декабрындагы , Жайыл районунун жерге жайгаштыруу жана укугун каттоо кадастр Департамент башкармалыгынын 2013-жылдын 15- апрелиндеги каттарын карап чыгып, Красный Восток айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл районунун Калинин айылынын Э.Алыбаев көчөсүнүн № 72 жалпы аянты 795,30 кв.м, түзгөн жер тилкесинин пайдалануу багытын мечет куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Н.Турдиевке керектиүү иш кагаздарын Жайыл райондук жерге жайгаштыруу жана укугун каттоо кадастр Департамент башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул Токтом айыл өкмөттүн өздүк сайтында жарыялансын. (www.kr-ao.kg)
4. Токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик –укуктар актыларынын какттоосунда катталгандан баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красный Восток айылдык Кеңешинин агрардык жана жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |