Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну № 6/2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин жетинчи абзацынын 1-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы улуттар аралык мамилелер жана ГАМСУМОнун “Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун жолдору жана муниципалдык менчиктеги автоунаасын сатуу жөнүндө” Жобосуна ылайык №01-18/41 2018-жылдын 6-апрелиндеги буйругунун негизингде , ошондой эле Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысынын , айыл өкмөттүн менчигиндеги кызматтык “Нива” маркасындагы автоунаасын сатуу жөнүндө маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Нива автоунаасы төмөндөгү иш-кагаздарын негизинде сатылсын:
-айыл өкмөт башчысынын чечими,
-“Автоунааны сатуу жөнүндө” профсоюздук уюмдун жана айыл өкмөттүн чогулушунун протоколу.
-Автоунаанын техникалык абалы туралуу актысы
-Айыл өкмөт жана эсеп –кысап бөлүм башчылары менен тастыкталган автоунаанын (алгачкы балансттык) маалым каты.
2. Каржы боюнча депутаттык комиссиясына кызматтык автоунааны сатуудан түшкөн каражаттын багыттуу пайдаланышын, өзүңүздөрдүн укуктук мерчемиңер менен жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде көзөмөлгө алуу тапшырылат.
3. Ушул Токтом айыл аймактын электрондук сайтында жайгаштырылсын. (www.kr-ao.kg)
4. Токтом Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдүү актысынын тизмесине катталып, массалык маалымат каражатында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн юристи Т.Айткулуевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |