Загрузка документа…
КРАСНЫЙВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-октябры № 9/2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, айылдык кеңеш менен Красный Восток айыл аймакгынын жайыт пайдалануучуларынын жана АРИСтин ортосундагы рамкалык макулдашууга кошумча киргизилишине ылайык 2017-жылдын 24-мартындагы №08209814-01, “Мал чарбачылыктын жана жайыттардын башкаруусун жакшыртуу” долбоорунун чегинде, гранттык каражатын алуу боюнча, “Ветеренардык малды бөлүү казыгын Красный Восток айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн сатып алуу боюнча” катталган коду № 08209814-01-03 2018-жылдын 01-августундагы, майда долбоорун ишке ашыруу максатында, Красный Восток айылдык кеңешинин сессиясынын
ТОКТОМУ:
1. ПУУПЖ майда долбоорунун ишке ашырылышы үчүн үчүнчү гранттык каражаттан, Красный Восток айыл аймагынын “Мин Токум” Жайыт комитетинин жайыт пайдалануучуларынын банктагы гранттык эсебине 105000 (жүз беш миң) сом которулсун.
2. Токтом айыл аймактын электрондук сайтына жайгаштырылсын.(www.kr-ao.kg)
3. Токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысынын реестрине катталган убакыттан баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу, айылдык кеңештин депутаттык каржылоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |