Загрузка документа…
КРАСНЫЙВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры № 10/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылынын 24-июлундагы №01-18/88 “Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотунун Типтүү иш регламентин бекитүү жөнүндө” буйругун аткаруу жана аксакалдар сотунун иш алып баруусу үчүн методикалык камсыздоону күчөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында Красный Восток айылдык Кеңешинин отурумунун
ТОКТОМУ:
1. Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын аксакалдар сотунун иш регламенти, Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын аксакалдар сотунун иш регламентин бекитүү жөнүндө тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын аксакалдар сотунун иш регламенти Красный Восток айыл аймагынын электрондук сайтында жайгаштырылсын . (www.kr-ao.kg).
3. Красный Восток айылдык Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын аксакалдар сотунун иш регламентин бекитүү жөнүндө” Токтому, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чуй-Бишкек аймактык башкармалыгынан каттоосунан өткөрүлсүн .
Төрага | Б. Закиров |