Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралы № 2/4
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы Күн тартибиндеги Айылдык кеңешинин Аукционго коюлуп жаткан жерлердин баштапкы бааларын кою маселелери иштери жөнүндө 4-маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукционго коюлуп жаткан мамлекеттик жер фондусундагы жерлердин ижара акысынын баштапкы баасы жерлердин категориясына жараша төмөндөгүдөй болуп баалансын:
а) суулуу жердики гектары 10 000 сом
б) насостон суу ичкен жердин гектары 7000 сом
в) Жел-Тийбес зонасындагы жерлер гектары 1000 сом.
2. Аукцион өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүп аукцион жобонуннегизинде жүргүзүлсүн
3. Аукцион менен ижарага берилген жерлердин сугат суу төлөмдөрү өзүнчө эсептелип алдын ала 100% өндүрүлсүн.
4. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
5.Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Ташбаевге жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин .
Төрага | К. Итибаев |