Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралы № 2/8
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы күн тартибиндеги Айылдык Кенештин Өзбек Республикасы менен болгон чек аранын коопсуздугу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Озбек республикасы менен болгон чек аранын коопсуздугун кароо боюнча тоскоолсуз каттоо жолуна 4(торт) метр аралыкта жол ачып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
2. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн e-mail: uchkorgon.webnode.ru расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому,Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Ташбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Турдиев Рысбекке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Итибаев |