Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 3/6
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы күн тартибиндеги Айылдык Кенештин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат акы төлөмдөрдүн бааларын белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суу үчүн төлөмдөр төмөндөгүдөй белгиленсин.
А.Жеке адам үчүн (грант жок) – 30 сом
Б.Жеке адам үчүн (грант бар) – 60 сом
В. Жеке адам үчүн (насос +грант жок)- 60 сом
Г. Жеке адам үчүн(насос +грант бар)- 120 сом
Д. Соц объектилер үчүн – 300 сом
2. Мал базардагы төлөмдөр төмөндөгүдөй белгиленсин.
А. Кой-10сом
Б. Мал-15сом
В. Авто машина – 10сом (женил), 20 сом (жүк ташуучу авто унаа)
3. Пилараманын арендасы 20000 сом деп белгиленсин.
4. а) Экскватордун 1 саатына кызматы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке адамдарга 1050 сом деп белгиленсин. Күйүүчү майы буюртмачынын эсебине жүктөлсүн.
5. б) Башка жактарга 1 саатына 1700 сом бөлүп бекитилсин. Күйүүчү майы буюртмачынын эсебине жүктөлсүн.
6. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн e-mail: uchkorgon.webnode.ru расмий веб-сайтына жарыялансын;
7. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
8. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Ташбаевге жүктөлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Турдиев Рысбекке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Итибаев |