Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 3/7
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы күн тартибиндеги Айылдык Кенештин Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү үрөөнчүлүк чарбасынын жетекчисинин аткарган иштери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үрөөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Исмаиловдун келишимине өзгөртүүлөр киргизилип, мөөнөтү бүткөнгө чейин 48 га жер өзүндө калтырылсын.
2. Келишимди карап чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевге жүктөлсун.
3. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн e-mail: uchkorgon.webnode.ru расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому,Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Ташбаевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Турдиев Рысбекке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Итибаев |