Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 4/1
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы күн тартибиндеги Айылдык Кенештин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Кум айылындагы Ак-Сай көчөсүнө ат коюу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү Кум айылынын Ак-Сай көчөсүнө маркум Молдокеев Абалбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн e-mail: uchkorgon.webnode.ru расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому,Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Ташбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Турдиев Рысбекке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Итибаев |