Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 4/2
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы күн тартибиндеги Айылдык Кенештин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кара малдын жана майда жандыктардын кызмат акысын белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара малды багуу акысы бир ай үчүн 400 ( төрт жүз ) сом, майда жандыкка бир ай үчүн 75 (жетимиш беш ) сом деп белгиленсин.
2. Кара малдын жана майда жандыктардын жайлоого кетүүсү 15-марттан 15-апрелге чейин, ал эми кара мал жана майда жандыктардын көчүп келүүсү 15-ноябрдан кийин болуусу белгиленсин.
3. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн e-mail: uchkorgon.webnode.ru расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому,Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Ташбаевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Турдиев Рысбекке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Итибаев |