Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 5/2
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы күн тартибиндеги 2-маселе Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Нарын айылындагы мектеп куруу үчүн ажыратылган жер жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын айылындагы жайгашкан мектеп куруу үчүн ажыратылган1,8 га жер тилкесинин мурунку токтому жокко чыгарылып, мектеп –интернатына бөлүнүп берилсин.
2. Документтерин жасоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |