Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 5/4
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы күн тартибиндеги 4-маселе Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кадыр барктуу инсандарга жана социалисттик эмгектин баатырларына”эскерүү аллеясын”куруу жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кадыр барктуу инсандарга жана социалисттик эмгектин баатырларына”эскерүү аллеясын”курууга жана социалисттик эмгектин баатырларынын бюстерин орнотууга уруксаат берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевге милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |