Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 5/5
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы күн тартибиндеги 5-маселе Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жайыттарды өнүктүрүү долбоорунун негизинде акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС тен жайыттарды өнүктүрүү долбоорунун негизинде фронталдык 3 кубдук жүктөөчү трактор алууга 25 % өздүк салымдын каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы бюджет комитетинин төрагасы А.Молдобековго милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |