Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 5/8
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы күн тартибиндеги 8-маселе Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн базарларын өнүктүрүү максатында базарларды ижарага берүү жана талаптарды коюу жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү жайма базар жана мал базарлары ижарага берилсин.
2. Ижара акысы жайма базар үчүн 1 айга 1000 (бир миң) сом, мал базар үчүн 4000 (төрт миң) сом деп белгиленсин жана бул иштин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевге милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |