Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 5/10
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы күн тартибиндеги 10-маселе Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мектептери оорукана,ФАП,маданият үйү,көчөлөр жана башка чакан обьекттерге даректерди ыйгаруу жана өзгөртүү жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мектептери оорукана,ФАП,маданият үйү,көчөлөр жана башка чакан обьекттерге даректерди ыйгаруу жана өзгөртүү жөнүндөгү жобо бекитилсин.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнө өз убагында даректерди каттоого алуу жана тиешелүү документтик материалдарга тактоо,өзгөртүү жүргүзүп туруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Мураталиевге милдеттендирилдсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |