Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 5/12
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы күн тартибиндеги 12-маселе Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Н.И.Мешков атындагы эс алуу багындагы борбордук стадиондон кичи футболдук аянтча, бассейн,күрөш залын ачууга жер ажыратуу жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Н.И.Мешков атындагы эс алуу багындагы борбордук стадиондон жаштардын спорт менен машыгуусуна жана ден соолугунун чыңдалышына шарт түзүү максатында кичи футболдук аянтчаны курууга 1320 кв,м,бассейн курууга 961 кв,м,күрөш залын курууга 534,04 кв,м,жер тилкелери ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |