Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-ноябры № 2/1
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы күн тартибиндеги 1-маселени Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |