Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-ноябры № 2/2
Депутаттардын Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын 2-маселеси социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мектептеринин кышка даяр экендиги кемчиликтери менен белгиленсин.
2. Кышка даярдыкка кемчиликтерин оңдоп толуктоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жуктөлсүн. Жыйынтыгы келерки сессияда билдирилсин.
4. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага | К. Итибаев |