Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 11/2
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы Үч-Коргон айыл аймагындагы Соц. обьектердин кышка карата даярдыгы жөнүндө. ( Билдирет Ы.Бобаназаров соц. маселелер б-ча өкмөттүн айыл башчысынын орун басары) 2-маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл 17-октябрь айылдык кеңештин 10/1 чечими менен көзөмөлгө коюлган маселе аткарылгандыгын кемчиликтерин эске алуу менен кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн орун басары Р.Бобаназаровдун соц. обьектердин абалы жана кышка карата даярдыгы боюнча отчетунун жыйынтыгы 2-кварталда кайрадан каралсын.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эшалиев |