Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 11/3
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз11-сессиясы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн базарынын башчысы Р.Керимбековдун базардын тартиби боюнча сунушу жана ЖПБнын төрагасы Б.Мамыралиевдин кайрылуусу” жөнүндө бюджет комитетинин чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базарга кирип чыккан автоунаалардын тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. Жеңил автоунааларга 10 сомдон.
2. Жүк ташуучу автоунааларга 20 сомдон.
2. Автоунаалардын кирүү чыгуу тартиби белгиленсин :
А. Негизги дарбазадан кирип,башка жактан чыгуу.
Б. Базарга кире бериш чоң жолдун жээгине токтогонго тыюу салуу боюнча атайын белгилерди коюуу.
3. ЖПБнын төрагасы Б.Мамыралиевдин өздүк салымы 18 000 сомду айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүүдө карап берилсин.
4. ЖПБга караштуу техникаларга жол барагын жүргүзүүчү жана каттоо журналдарын ачуу б.а иш кагаздары тартипке келтирилсин.ЖПБга караштуу техниканы трактордун кызматын жеке атуулдардын арызын канааттандырууда жана жайыт комитетинин ишиН жандандырууда конкреттүүиш жүргүзүү жагы ЖПБнын төрагасынан талап кылынсын
5. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эшалиев |