Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты № 3
Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 6-мартындагы № 01-5/263 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын вице мэри Э.К.Орозбаковдун “Кара-Балта шаардык кеңештин “2011-жылдын 9-сентябрында № 2 Токтомунун 3-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинин негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы №1 тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |