Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты № 9
Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө маалыматынын, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн жамаатынын өтүнүчүнүн негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак ниеттүү эмгеги үчүн, Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошкон үчүн” Кара-Балта шаарынын мэри - Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. Кара-Балта шаарынын мэри - Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылгандыгына байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңештин аппараты керектелүүчү документтерди даярдасын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А. Аалыев |