Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-апрели № 9
Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Р.А. Мурадыловдун ««Интерхим» ЖЧУ 17813,04 кв. м (ЖЗ кампага) зонанын бир бөлүгүн Р-3 зонадан К-2 зонага которуу жөнүндө» маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Р.А. Мурадыловдун ««Интерхим» ЖЧУ 17813,04 кв. м (ЖЗ кампага) зонанын бир бөлүгүн Р-3 зонадан К-2 зонага которуу жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Балта дарыясынын жээгинде түштүк өндүрүш зонасында жайгашкан 8 га жер участогунун ичинен 17813,04 кв. м жардыруучу заттарга кампа куруш үчүн, жер участогунун зонасынын бир бөлүгү Р-3 зонадан К-2 зонага которулсун.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |