Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 5
Уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнин жетекчисинин орун басары У.Т. Керимбаевдин «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелери менен нормалары жөнүндөгү маселелерди кароо зарылдыгы жөнүндө» маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнин жетекчисинин орун басары У.Т. Керимбаевдин «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелери менен нормалары жөнүндөгү маселелерди кароо зарылдыгы жөнүндө», маалыматынэске алынсын.
2. Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2010-жылдын 17-сентябрындагы №4 "Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармооЭрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
5. Токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу депаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |