Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-сентябры № 3
Кара-Балта ш. «Кара-Балта» дарыясынын нугундагы карьерди ижарага берүүгө мораторий киргизүү жана андан ары «Универсал» МЧИге муниципалитеттин керегине зарыл болгон рудалык эмес материалдарды алуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү депутат Д.А. Эралиевдин маалыматын угуп, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта ш. «Кара-Балта» дарыясынын нугундагы карьерди ижарага берүүгө мораторий киргизилсин.
2. Кара-Балта ш. «Кара-Балта» дарыясынын нугундагы карьерди «Универсал» МЧИге шаардын муниципалитетинин зарыл керектелүүдө рудалык эмес материалдарды алуу үчүн өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын вице-мэри Э.К Орозбаковго жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |