Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-сентябры № 6
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-беренесине, Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинин 2.1 пунктуна, өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 18.09.2018-ж. № 1 чечимине ылайык, ошондой эле «СДПК» фракциясынын депутаты Р.А. Мурадыловдун арызынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагалыгына «СДПК» фракциясынын депутаты – Раманкулов Бакыт Сыргатаевич бекитилсин.
2. Шаардык кеңештин 19.02.2018-ж. № 5 “Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагаларын бекитүү жөнүндө” токтомдун №1тиркемесинин 2-пункту «өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы – Раманкулов Бакыт Сыргатаевич» редакцияда жазылсын.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Төрага | А. Аалыев |