Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-сентябры № 8
Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м.а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарындагы №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруунун долбоордук-сметалык документтерин түзүү жөнүндөгү маалыматын угуп, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катынын 2-пунктунун негизинде Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м.а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат курууга- 500,0 миң сом суммасындагы (болжолдуу сумма) долбоордук-сметалык документтерин түзүү жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруунун долбоордук-сметалык документтерин түзүү үчүн - 500, 0 миң сом өлчөмүндө (болжолдуу сумма) каражат бөлүү маселеси 2019-жылдын бюджетинде каралсын.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |