Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-сентябры № 9
Бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатында, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катында көрсөтүлгөн калыбына келтирүү иштери, жарык бергичтердин монтажы жана СИП линияларын тартуу боюнча жумуштардын көлөмүн аныктоо жана жумуштардын мыйзамдарга ылайык аткарылышын изилдөө максатында Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катында көрсөтүлгөн калыбына келтирүү иштери, жарык бергичтердин монтажы жана СИП линияларын тартуу боюнча жумуштары боюнча, № 1 тиркемеге ылайык убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
2. Убакылуу депутаттык комиссия аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча Кара-Балта шаардык кеңешке 2018-жылдын 30-сентябрына чейин маалымат берсин.
Төрага | А. Аалыев |