Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-сентябры № 10
Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы ММК башчысынын м.а.Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин ички канализациясын жаңы курулуп жаткан канализацияга кошуу боюнча долбоордук документтерди түзүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 №1 орто мектептин канализациялык коллекторун долбоорлоодо кетирилген мүчүлүштүктөр жөнүндө катынын негизинде Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы ММК башчысынын м.а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин ички канализациясын жаңы курулуп жаткан канализацияга кошуу боюнча долбоордук документтерди түзүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин ички канализациясын жаңы курулуп жаткан канализацияга кошуу боюнча долбоордук документтерди түзүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүбюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |