Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 10
Бюджеттик комиссиянын жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы айылдар боюнча маселелерди оперативдүү чечүү үчүн жана 2017 жылдын 18 августундагы протоколдун негизиндеги баяндамаларды угуп талкуулап кенешинин корутундусунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттин бюджети тарабынан түшкөн 3000,0 миң сом акча каражаттарды үстүбүздөгү курулмаларды оңдоого 70629 бөлүгүндөгү 2221 статьясына бөлүштүрүлсүн. Жана айыл өкмөтүнүн башчысына сметага ылайык акча каражаттарды колдонууга уруксат берилсин.
2. ФЭБ башчысы Г.А. Худайбергенова бардык Мамлекеттин бюджети тарабынан берилген акча каражаттарды бөлүштүрүү үчүн керектелүүчү документтерди даярдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Токоев К.О. |