Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 12
Бюджеттик комиссиянын жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы айылдар боюнча маселелерди оперативдүү чечүү үчүн жана 2017 жылдын 18 августундагы протоколдун негизиндеги баяндамаларды угуп талкуулап кенешинин корутундусунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017 жылдын 21 февралындагы №7 токтомунун 4 пунктуна 2017 жылдын 01 январына карата (эркин калдыктар) ашкан чыгымдарга карата кирешелерди бөлүштүрүү үчүн өзгөртүү киргизилсин. 2017 жылга түрткү берүүчү гранттардын түшпөй калгандыгына байланыштуу жана мурунда бөлүнгөн участкалык милициялардын 630,0 миң сом күйүүчү май каражатты колдонулбаган төмөнкүчө бөлүштүрүлсүн:
70629 бөлүктүн 2215 статьясына 200,0 миң сом – башкы планды даярдаган боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө;
70629 бөлүктүн 3112 статьясына 200,0 миң сом – Озерное айылына трансформатор алуу
70111 бөлүктүн 2111 статьясына 100,0 миң сом – айылдардын кварталдык кызматкерлерге айлык акы
70629 бөлүктүн 2221 статьясына 130,0 миң сом – учурдагы жолдорду оңдоо
2. Мамлекеттин бюджети тарабынан түшкөн 300,0 миң сом суммадагы акча каражаттарды төмөнкүчө бөлүштүрүлсүн:
70629 бөлүктүн 2221 статьясына 300,0 миң сом - учурдагы жолдордогу түнкү жарыктандырууну оңдоо;
3. 70823 бөлүктүн 2221 статьясынан 70111 бөлүктүн 2221 статьясына 100,0 миң сом сумма которулсун;
4. ФЭБ башчысы Г.А. Худайбергенова 2017 жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү үчүн керектелүүчү документтерди даярдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Токоев К.О. |