Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры № 26
Айылдагы социалдык маселелерди чечүү максатында атап айтканда Фрунзе айылдык округунун Комсомол айылында, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомол айылындагы Строительная көчөсүндөгү №16 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имаратын Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берүүсүнө макулдук берилсин жана максаттуу багытында колдонулсун, атап айтканда мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бала бакчанын имаратын Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө өтүнсүн.
Төрага | Токоев К.О. |