Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 1/1
Фрунзе айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу максатында функционалдык милдеттерин эффективдүү аткаруу үчүн материалдык дем берүү, жан ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын муниципалдык кызматкерлерине материалдык мотивация кылуу жөнүндө 31 беренесинин 6 пунктуна ылайык, жана 2016 жылдын 16 майындагы № 59 Бюджеттик кодексинин “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка формадагы ишке ашырууга кеткен чыгымдары” жөнүндө 52 беренесине ылайык, Фрунзе айылдык округунун Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине, айлык маянасы аздыгынан жана жумушту так, таза аткаргандыгы үчүн 2018 жылдын 01 январына карата (эркин калдыктар) айлык маянасына 5000 сомдон камсыздандыруу төгүмдөрдүн чегерүүсүн эске алуу менен кошулуп берилсин. Баардыгы 4730,7 миң сом, айлык маянасы 69,7 дана камсыздандыруу төгүмдөрдүн – 47,3 миң сом.
2. ФЭБ башчысы Г.А. Худайбергеновга өз убагында төлөмдөрдү төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айылдык кеңешинин бюджеттик комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |