Редакцияот 17.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакыруунун 15-кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 17-сентябры № 25

“Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуу жөнүндө»

 

Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 17-августундагы №01-9/1328 катынын жана Сокулук райондук жер участкаларын которуу боюнча комиссиянын 2018-жылдын 11-сентябрындагы Фрунзе айыл өкмөтүндөгү Комсомольское айылындагы №34 контурдагы жайгашкан жалпы аянты 0,57 га айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуп текстиль тигүү фабрикасын жайгаштыруу жөнүндөгү корутундусуна ылайык, Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С.Жолдубаевдин жеке менчиктеги Фрунзе айыл өкмөтүндөгү Комсомольское айылындагы №34 контурдагы жайгашкан жалпы аянты 2,02 га текстиль тигүү фабрикасын жайгаштыруу үчүн айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуп берүүгө макулдук берилсин.

2. Фрунзе айыл өкмөтү Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жерге жайгаштыруу көктөмөсүн мындан ары чечим кабыл алуу үчүн жөнөтсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бешимбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

К.О.Токоев