Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры № 26
Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 17-августундагы №01-9/1329 катынын жана Сокулук райондук жер участкаларын которуу боюнча комиссиянын 2018-жылдын 11-сентябрындагы Фрунзе айыл өкмөтүндөгү Комсомольское айылындагы №34 контурдагы жайгашкан жалпы аянты 0,57 га айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуп өнүктүрүү жана кайра иштеп чыгуу комбинатын жайгаштыруу жөнүндөгү корутундусуна ылайык Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Сабитахунованын жеке менчиктеги Фрунзе айыл өкмөтүндөгү Комсомольское айылындагы №34 контурдагы жайгашкан жалпы аянты 0,57 га өнүктүрүү жана кайра иштеп чыгуу комбинатын жайгаштыруу үчүн айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Фрунзе айыл өкмөтү Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жерге жайгаштыруу көктөмөсүн мындан ары чечим кабыл алуу үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бешимбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |