Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-сентябры № 36
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Т.И.Тюлемишованын Фрунзе айылдык аймагында малдарды жана үй канаттууларды бир жолку эсепке алуу жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 10-декабрынан 2018-жылдын 25-декабрына чейин Фрунзе айылдык аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдар жана үй канаттуулар бир жолку эсепке алынсын.
2. Көмөкчү, дыйкан жана фермер чарбасынын жетекчилери Фрунзе айыл өкмөтүнө малдар жана үй канаттуулар боюнча туура жана так маалыматты 2018-жылдын аягына чейин коюлган мөөнөттө беришсин.
3. Малдарды жана үй канаттууларды бир жолку эсепке алуу үчүн комиссия түзүлсүн.
4. Эсепке менчик формасына карабастан чарбакер субъекттерде турган малдар жана үй канаттуулар алынсын.
5. Малдарды жана үй канаттууларды каттоого тартылган жумушчулардын тизмеси бекитилсин.
6. Каттоого тартылган жумушчулар ар бир дыйкан чарбаларды жана көмөкчү чарбаларды 2018-жылдын 25-декабрына чейин милдеттүү түрдө кыдыруу жана сурамжылоо жолу менен малдарды жана үй канаттууларды эсепке алууда толук чаралар көрүлсүн.
7. Малдарды жана үй канаттууларды каттоо максаты жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
8. Ар бир короону иликтеп чыгууга 15 сом эсебинен жана транспорт каражаттарына иш жүзүндөгү чыгымдарды каттоого тартылган жумушчуларга малдарды жана үй канаттууларды эсепке алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 46000 сом бөлүнсүн.
9. Каттоого тартылган жумушчулардын негизги иштеген ишинде эмгек аксы, же убактылуу иштебегендиги үчүн жумушсуздук боюнча алган жөлөк пулу сакталсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бешимбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |