Редакцияот 11.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 11-январы № 81/XXVI-1

“Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылынын бюджетинин аткарылышы” боюнча Кайыңды шаарынын мэринин отчету жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын 46 беренесинин 8 пунктунун негизинде, “Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылынын бюджетинин аткарылышы” жөнүндө отчетун угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылынын бюджетинин аткарылышы” жөнүндө отчету эске алынсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов