Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-январы № 82/XXVI-2
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 - жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн финансылык каражаттарынын эркин калдыктарын эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылынын бюджетинин – 11,3 миң сом суммасындагы бош калдыктарын төмөндөгү иш-чараларды каржылоого уруксат берилсин:
- 2215 беренесине ( башка кызматтарды алуу)
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |