Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-январы № 83/XXVI-3
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шарынын мэриясынын 2018-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылынын киреше бөлүгүнө ашык пландуу финансылык каражаттардын келип түшүүсүн эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылынын атайын эсебинин - 240,8 миң сом суммасында бош калдыктарын төмөндөгү иш-чараларды каржылоого уруксат берилсин:
1) «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмү – 300 сом 2215 беренесине ( башка кызматтарды алуу) чарбалык товарлар.
2) «ЖКХ» бөлүмү – 75,9 миң сом
2231 - беренесине электр энергиясы үчүн акы.
2224 – Таш көмүр сатып алуу 60,0 миң сом
3) «Бала бакча» бөлүмү - 164,6 миң сом 2222 - беренесине (башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу)
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |