Загрузка документа…
Кайынды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 159/XLVIII – 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 85/XXVII-1
«Кайынды шаарынын бала бакчаларында тарбиялануучуларына ата-энелердин тѳлѳмүн (родительский взнос) бекитүү жѳнүндѳ»
Кайынды шаарынын мэриясынын «Кайынды шаарынын аймагында жашаган жеринде туруктуу катоосу жок балдарга ата-энелердин тѳлѳмүн кѳбѳйтүү жѳнүндѳгү» кайырлуусун изилдеп, «Каинды Кант» ААК салыктар боюнча накталай эмес эсептешүүнѳ ѳткѳнүнѳ байланыштуу жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгү 19,1 млн. сомго азайгандыгын, Кайынды шаарынын бала бакчаларында шаардын административтик аймагына кирбеген, Панфилов районунун жакын жайгашкан калктуу конуштардын балдары мектепке чейинки билимди алып жаткандыгына байланыштуу, бала бакчалар башка айылдардан келген балдар менен толуп калып, кошумча бала бакча ачууга зарылдыгы чыккандыгын жана Кайынды шаарынын мэриясынын бюджетине керексиз чыгымдарды алып келгендигин эске алып, мектепке чейинки билим берүүнү колдоого, каржылоонун кошумча булактарын тартуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-бересине ылайык, Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарында жашаган жеринде ата-энесинин экѳѳнүн тең туруктуу каттоосу жок, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары болсо Кайынды шаарынын бала бакчасынын тарбиялануучуларына, ата-энелердин тѳлѳмү (родительский взнос) жыл сайын, бир балага 3000 (үч миң) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. 2018-2019- окуу жылына карата төлөмү ата-энелер төлөмү 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө, мурда төлөнгөн суммасы эске алынып төлөнсүн (кошумча төлөө).
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кеңешинин бюджеттик туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |