Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 89/XXVII-5
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын (омбудсменинин) орун басарынын 2019-жылдын 9-январындагы № 14-25 катын карап чыгып, Кайынды шаарынын мэриясындагы Т.Н. Ильясованын 2003-жылдан берки арызына байланыштуу материалдарды иликтеп кѳрүп, Т.Н. Ильясовага мэрия тарабынан анын турак жай маселесин чечүү боюнча бир канча вариант сунуш кылынып, бирок Т.Н. Ильясова бардык варианттан баш тартканын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Н. Ильясованын турак-жайын калбына келтирүү боюнча маселени кароодон баш тартылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кеңешинин социалдык туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |