Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 90/XXVII-6
“Жеңиш” паркын көрктөндүрүү жөнүндө муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн сунушун жана Панфилов районунун шаар куруу жана архитектура бөлүмү менен иштелип чаккан “Жеңиш” паркынын алдынкы бөлүгүн көрктөндүрүү мерчемин карап чыгып, Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоордун акыркы вариантына ылайык жаш көчөттөрдүн отургузуп, андан ары көрктөндүрүү үчүн “Жеңиш” паркынын алдынкы бөлүгүндөгү эски 152 бак-даракты кыйып (чаап) салууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |