Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 92/XXVII-8
Мурдагы “Кайыңды кабель заводу” ачык акционердик коомунун 2016-жылдын 11 майындагы №2-02/22 “Турак-жай фондун өткөрүп берүү жөнүндө” катын карап чыгып Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясына мурдагы “Кайыңды кабель заводу” ачык акционердик коомунун турак-жай фондун муниципалдык менчик катары балансына өткөрүп алуусу көрсөтүлсүн.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүн жетектөөчү адиси Н.Е. Курамаевге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап болгон документтердин жолболоосун камзысдоо милдетти жүктөлсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |