Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 16-3
Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Кадырбердиевдин Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жана жеңилдик алуучулардын салыгынын суммасын бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициент К-З -1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2019-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы 927 кожолуктун 148,20 га жер аянтынан 148,200 сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.
3. Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |