Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 1
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши айыл аймагындагы айылдырга таза суу маселесин карап чыгып, анда Корок айылына суу кампа куруу максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корок айылынын түндүк бөлүгүндөгү №546-контурдун ичиндеги жердин түрү боюнча жараксыз 0,5 га жер тилкеси суу кампа куруу үчүн берилсин.
2. Суу кампанын курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына суралсын.
3. Корок айылына курулуучу суу кампаны катоого алуу, керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгын суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Дадабаев К. |